Мароккодогу жер титирөө: 2 миң 946 каза болду
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндө маалымат берди.
![Мароккодогу жер титирөө: 2 миң 946 каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5b2b/e808/1911/65029eea0026c.jpg?time=1718800914)
Марокконун Марракеш шаарында 8-сентябрда болгон 7 баллдык жер титирөөдө каза тапкандардын саны 2 миң 946га жетти.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, жер титирөөдө каза болгондордун саны 2 миң 946га, жаракат алгандардын саны 5 миң 674кө жеткени белгиленди.
Жер титирөөдө каза болгондордун 2944үнүн сөөгү жерге берилгени маалымдалды.
Мароккодо 8-сентябрга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.10до күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, эпицентри Марракештин Эль-Хуз аймагында катталган.
Жер титирөөдөн Марракештен тышкары борбор шаар Рабат менен Касабланка, Мекнес, Агадир жана Фес шаарлары да таасирленген.
Тектеш кабарлар
![Израилде өкмөткө каршы нааразычылык акциялары улантылууда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/c055/a1f4/dc22/66728677af7f2.jpg?time=1718800915)
Израилде өкмөткө каршы нааразычылык акциялары улантылууда
Батыш Кудстагы Израиль парламенти Кнессеттин алдына дагы бир жолу миңдеген митингчи чогулду.