Австралияда коалалар үчүн орчундуу чечим

8,400 гектардан ашуун токой аянтын камтыган 106 "коала борборунда" бак-дарактарды кыюунун токтотулганын билдирди.

2036461
Австралияда коалалар үчүн орчундуу чечим

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэльс штаты (NWS) коалалардын тукумун коргоо үчүн Коала улуттук паркынын кээ бир жерлеринде бак-дарактарды кыюуну токтотту.

Штаттын өкмөтү, 8 миң 400 гектардан ашуун токой аянтын камтыган 106 "коала борборунда" бак-дарактарды кыюунун токтотулганын билдирди.

NSW штатынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Пенни Шарп мындай чечимдин коалалардын тукумунун жок болуп кетиши мүмкүн экендиги аныкталгандан кийин кабыл алынганын маалымдады.

Австралияга таандык марсупиялык сүт эмүүчүлөргө кирген коалалар, өздөрү жашаган токойлордогу бактарга чыгышкандыктан токойлордун кыйылышынан катуу жабыркашат.

2021-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөө, эгер чара көрүлбөсө жашоо мейкиндиктери тездик менен кичирейген коалалардын 2050-жылы тукум курут болорун көрсөткөн.



Тектеш кабарлар