Түркия менен Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер

Араб лигасынын 160-Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны Египеттин борбор шаары Каирдеги Араб лигасынын баш кеңсесинде аяктады.

2034102
Түркия менен Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер

Араб лигасынын баш катчысы Ахмед Абу Гайт, Түркия менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштарда жылыш бар экенин айтты.

Араб лигасынын 160-Тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны Египеттин борбор шаары Каирдеги Араб лигасынын баш кеңсесинде аяктады.

Маалымат жыйынын өткөргөн Абу Гайт, Араб лигасынын буга чейин министрлер деңгээлинде Түркия, Иран жана Палестина темаларына байланыштуу делегациялар менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи. 

Абу Гайт: «Иран, Сауд Арабия жана Араб өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүп жатканын баарыбыз байкап турабыз. Ошол эле учурда Түркия менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштарда жакшыруу бар»,- деди.

Түркия жана Иран делегацияларынын жыйын өткөргөнүнө көңүл бурган Эбу Гайт, бул жолугушуунун жыйынтыктарынын министрлер жыйынындагы билдирүүдө кабыл алынганын айтты.

Абу Гайт, себебине токтолбостон «Түркия жана Иран делегацияларынын жолугушууга байланыштуу билдирүү жасабоо чечимине келгенин» жана мунун «байкоого алынышы керек болгон жагдай» экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар