Польша 96 Apache тик учагы үчүн АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштады
Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак 96 Apache тик учагын сатып алуу үчүн АКШ менен баа боюнча сүйлөшүүлөрүн баштаганын жарыялады.
Польшанын коргоо министри Мариуш Блашчак 96 Apache тик учагын сатып алуу үчүн баа боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрүн баштаганын жарыялады.
Блашчак өзүнүн X аккаунтундагы билдирүүсүндө, АКШ Конгрессинин сөз болуп жаткан аскердик техниканы Польшага сатууну жактыргандыгын билдирди.
АКШ Конгрессинин жактыруусуна токтолгон Блашчак : "Польшага радар жана куралдар менен бирге 96 Apache тик учагын сатуу үчүн АКШ Конгрессинин макулдугун алдык. Баалар боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап жатабыз",- деди.
Блашчак процедуралар акырына чыгып жана бериле турган тик учактар Польшага тапшырылганга чейин АКШ армиясынын Польшага өз резервдеринен Apache тик учактарынын берилерин белгиледи.
Польша өкмөтү Россия - Украина согушунан кийин өлкөнүн армиясын бекемдөө кадамдарынын бир бөлүгү катары өткөн жылы сөз болгон Apache тик учактарын сатып алуу чечимин чыгарган.