Армения менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрөт

Арменпресстин кабарына караганда Коргоо министрлиги, Америка Кошмо Штаттары  менен эл аралык тынчтыкты коргоо  миссиясы боюнча биргелешкен машыгуу өткөрүлө турганын жарыялады.

2033903
Армения менен АКШ биргелешкен машыгуу өткөрөт

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресстин кабарына караганда Коргоо министрлиги, Америка Кошмо Штаттары  менен эл аралык тынчтыкты коргоо  миссиясы боюнча биргелешкен машыгуу өткөрүлө турганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө : "Эл аралык тынчтыкты сактоо миссияларына карата даярдыктардын негизинде 11 - 20 - сентябрда Арменияда Армения менен АКШнын ортосунда 'Eagle Partner 2023' машыгуусу өткөрүлөт", - деп айтылды.

Министрликке караштуу Тынчтыкты коргоо бригадасы "Дице" машыктыруу борбору менен аты аталбаган машыктыруу борборунда өткөрүлөрү белгиленген машыгуунун тынчтыкты коргоо миссиясы учурунда  кагылышкан талаптардын ортосундагы туруктуулукту камсыз кылуу милдеттерин камтыгандыгы билдирилди. 

Машыгуунун максатынын эл аралык тынчтыкты коргоо миссияларына кошулган бөлүктөрдүн биргеликте иштөө деңгээлин өнүктүрүү, мыкты башкаруу жана тактикалык коммуникация тажрыйбаларын алмашууну камсыз кылуу, НАТОнун алкагында тынчтык орнотуу операцияларына даярдыгын жогорулатуу экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар