Зейне: «Биз ECOWAS менен бир нече күндүн ичинде макулдашууга жетишебиз деп ишенем»

Нигердин өткөөл өкмөтүнүн премьер-министри Ламин Зейне борбор шаар Ниамейде маалымат жыйын өткөрдү.

2033014
Зейне: «Биз ECOWAS менен бир нече күндүн ичинде макулдашууга жетишебиз деп ишенем»

Нигердин өткөөл өкмөтүнүн премьер-министри Ламин Зейне Батыш Африка мамлекеттеринин Экономикалык коомчулугу (ECOWAS) менен бир нече күндүн ичинде макулдашууга жетише аларын айтты.

Премьер-министр Зейне борбор шаар Ниамейде маалымат жыйын өткөрдү.

ECOWASтын Нигерге мүмкүн болгон аскердик кийлигишүүсүнө карата Зейне: «Биз ECOWAS менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон жокпуз, процесс уланууда. Мен бир нече күндүн ичинде макулдашууга жетишебиз деп ишенем»,-деп өз баасын берди.

Зейне буга карабастан ар кандай учурда кол салуу боло тургандай даярдыкта экендиктерин кошумчалады.

Нигерде жайгашкан француз аскерлеринин өлкөдө «мыйзамсыз абалда» экенине көңүл бурган Зейне, Нигердеги аскердик башкаруунун француз аскерлеринин өлкөдө болушуна уруксат берген келишимдерди мурдатан эле токтотконун эске салды.

Премьер-министр Зейне француз аскерлеринин тез арада чыгарылышын камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын белгилеп: «Бизди кызыктырган нерсе, мүмкүн болсо, биз көп нерсеге ээ болгон өлкө (Франция) менен кызматташууну улантуу»,-деп айтты.

Франциянын Ниамейдеги элчиси Сильвен Иттенин абалы тууралуу сөз кылып, «персона нон грата» деп жарыяланышына карабастан өлкөдөн чыкпаганын айткан Зейне Иттенин дипломат катары туура мамиле кылбаганын айтты.

Зейне элчи Итте мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетиши керектигин дагы бир жолу кайталады.



Тектеш кабарлар