Габондогу төңкөрүштөн кийин чек аралар кайра ачылды

Габондо аскердик бийлик кургактык, аба жана деңиз чек араларынын ачылганын жарыялады.

2032312
Габондогу төңкөрүштөн кийин чек аралар кайра ачылды

Габондо аскердик бийлик кургактык, аба жана деңиз чек араларынын ачылганын жарыялады.

Институттарды өткөөл жана калыбына келтирүү боюнча комитеттин (CTRI) басма сөз катчысы Ульрих Манфоумби Манфоумби мамлекеттик телеканал аркылуу билдирүү жасап; кургактык, аба жана деңиз чек араларынын кайрадан ачылганы тууралуу маалымат бөлүштү.

Коңшу өлкөлөр жана бүткүл дүйнө менен укуктун үстөмдүгүн, жакшы карым-катнашты улантууну максат кылгандарын баса белгилеген Манфоумби : «Габондун чек аралары төңкөрүштөн үч күндөн кийин ачылды»,-деди.

Габондун эл аралык милдеттенмелерин аткарууга чечкиндүү экенин белгилеген Манфоумби Габонго кирген жана чыккан жүргүнчүлөрдүн саякат документтерин көрсөтсө саякат кыла ала турганын белгиледи.

30-августта Габондогу улуттук телекөрсөтүүнүн имаратына кирип келген аскерлердин бир тобу бийликти колго алышкандыгын жарыялашты.

CTRI аттуу аскердик бийлик 26-августта өткөн шайлоолор жокко чыгарылып, өлкөнүн чек аралары жабылганын жарыялаган болчу.

CTRIнин жетекчилигине Республикалык гвардиянын командири, генерал Брис Олиги Нгуема алынып келингени жарыяланган.



Тектеш кабарлар