Россия Украинанын Белгород жана Крым көпүрөсүнө карата кол салуусуна тоскоол болду

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ кечинде Киевдин учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппарат  менен Россиянын аймагына кол салууга аракет кылгандыгы белгиленди.

2032212
Россия Украинанын Белгород жана Крым көпүрөсүнө карата кол салуусуна тоскоол болду

Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Белгород аймагына учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппарат менен жана Крым көпүрөсүнө  капитансыз  деңиз унаалары (IDA) менен кол салуу аракетине бөгөт коюлгандыгын билдирди.  

Министрликтин билдирүүсүндө, кечээ кечинде Киевдин учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппарат  менен Россиянын аймагына кол салууга аракет кылгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө учкучсуз учуучу аппараттын  Белгород облусунун аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөндүгү билдирилди. 

Министрликтин экинчи билдирүүсүндө Украинанын Крым көпүрөсүнө учак тибиндеги учкучсуз учуучу аппарат менен кол салуу аракетине бөгөт коюлгандыгы билдирилип : «Украинага таандык экипажсыз катер  Кара деңиз сууларында убагында аныкталып жок кылынды",- деп айтылды. 

Крымга кол салууга аракет кылган экинчи учак тибиндеги учкучсуз аппараттын  Кара деңизде жок кылынганы белгиленген билдирүүдө Киев тарабынан  Крым көпүрөсүнө террордук кол салууну үчүн жиберилген, Украинага таандык  таандык жарымы чөккөн жана  экипажы жок катердин да  Кара деңиз сууларында жок кылынгандыгы билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар