Йеменде 7 айда кызамыктан 413 адам каза болду

Йеменде жылдын башынан июль айынын аягына чейин 34 миң 300 кызамык оорусу аныкталганы, бул мезгилде 413 кишинин кызамыктан каза болгондугу кабарланды.

2031867
Йеменде 7 айда кызамыктан 413 адам каза болду

Йеменде 7 айда кызамыктан 413 адам каза болду.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Йеменде балдардын арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнүн тынчсыздануу жаратканы белгиленди.

Билдирүүдө Йеменде жылдын башынан июль айынын аягына чейин 34 миң 300 кызамык жана кызамыкчык оорусу аныкталганы, бул мезгилде 413 кишинин кызамыктан каза болгондугу кабарланды.

Ушул эле себеп менен өткөн жылы 27 миң учур, 220 өлүм катталганына көңүл бурулган билдирүүдө, кызамык оорусунун көбөйүшүнө жана адамдардын өлүмүнө «экономикалык абалдын начарлашы, кирешелердин азайышы жана миграция» сыяктуу абалдардын себеп болуп жатканы айтылды.



Тектеш кабарлар