Түштүк Африкада көп кабаттуу имараттан өрт чыкты

Алгачкы маалыматтарга караганда 52 киши каза болуп, көп сандаган адам жаракат алды.

2031243
Түштүк Африкада  көп кабаттуу имараттан өрт чыкты

Түштүк Африканын эң чоң шаары Йоханнесбургда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттө алгачкы маалыматтарга караганда 52 киши каза болуп, көп сандаган адам жаракат алды.

Түштүк Африканын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу кызматынын  берген  билдирүүсүнө караганда  Йоханнесбургдагы көп кабаттуу үйдө таңга маал өрт чыккан.

Билдирүүдө, алгачкы аныктамаларга караганда 1 ымыркай болгон 52 кишинин каза болгондугу, көп сандаган кишинин жараланганы белгиленди.

Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулардын болуп жаткнадыгын белгилеген жетекчилер өрттүн басымдуу бөлүгүнүн көзөмөлгө алынганын, бирок ичкериде  коюу түтүндүн бар экендигин айтышты.

Топтор тздөө - куткаруу иштерин улантууда. 

 

 



Тектеш кабарлар