Евгений Пригожиндин өлүмү

Ак үйдө өткөргөн пресс-конференцияда Жан-Пьер, журналисттин суроосуна жооп берди.

2030447
Евгений Пригожиндин өлүмү

АКШда Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер, Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин 23-августтагы авиакырсыктан каза болгонуна ишене баштагандарын билдирди.

Ак үйдө өткөргөн пресс-конференцияда Жан-Пьер, журналисттин "Пригожиндин учагы эмне себептен кыйраганы тууралуу жаңы маалыматтар барбы?" деген суроого «Бул темада жаңы комментарийибиз жок»,-деп жооп берди.

Жан-Пьер сөзүн «Пригожин өткөн шаршемби күнү, 23-августта авиакырсыктан каза болгонуна барган сайын ишенип жатабыз» деп улантты.

Орусиянын аба транспорту федералдык агенттигинин (Росавиация) 23-августтагы билдирүүсүндө, Тверде Пригожин да ичинде болгон жеке учактын кыйрашынан 10 кишинин каза болгону кабарланган.

Учактагы жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Пригожин менен бирге жардамчысы жана Вагнердин негиздөөчүлөрүнүн бири Дмитрий Уткин, Сергей Пропустин, Евгений Макарян, Александр Тотмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев болгон.

Орусиянын Тергөө комитети 27-августтагы билдирүүсүндө, Тверь облусунда жеке учактын кыйрашынан каза болгондордун арасында Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин да бар экенин тастыктаган.



Тектеш кабарлар