Лукашенко : "Пригожиндин коопсуздугун түзүүгө мажбур эмесмин"

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россиянын Тверь шаарында кырсыкка учураган учакта каза болгон Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин коопсуздугунан жооптуу эмес экендигин айтты.

2029411
Лукашенко : "Пригожиндин коопсуздугун түзүүгө мажбур эмесмин"

Беларустун президенти Александр Лукашенко Россиянын Тверь шаарында кырсыкка учураган учакта каза болгон Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин коопсуздугунан жооптуу эмес экендигин айтты. 

Беларустун президенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Лукашенко борбор шаар Минскте иликтөө жүргүзүү үчүн барган Беларусь мамлекеттик университетинде жасаган билдирүүсүндө өзүнүн ортомчулугу менен көтөрүлүштү акырына чыгарган Вагнердин лидери Пригожин тууралуу баа берди. 

Лукашенко Россиянын Тверь шарында кырсыкка учураган учакта каза болгон, орус жалданма аскерлер тобу Вагнердин негиздөөчүсү Пригожин менен июнь айында Россиядагы көтөрүлүш учурунда телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. 

Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүсүндө аны Беларуска алып барып толук коопсуздук менен камсыз кылууну  сунуш кылгандыгын айтып, Пригожиндин коопсуздук кепилдигин талап кылбагандыгын белгиледи. 

Лукашенко Беларустун тышында Африка же башка жерде Пригожиндин коопсуздугу боюнча жооптуу эмес экендигин айтып : "Мен ага бул коопсуздук кандай түзө алам? Чет жерде коопсуздугун түзүү сыяктуу сүйлөшүү болгон эмес",- деди. 

Лукашенко бир канча ай мурда БАЭге жасаган сапарында Пригожинге карата кол салуу аракети тууралуу "олуттуу" бир маалымат алгандыгын, муну дароо орус тарабына билдиргендигин, бул маалыматтын Россиянын пезиденти Влаимир Путин тарабынан Пригожинге айтылгандыгын да белгиледи. 

 

 



Тектеш кабарлар