Грецияда 19 - августта чыккан өрт уланууда

Александруполи жана Мерич аймагында 19 - августтан бери уланып жаткан өрттүн Грециянын акыркы 20 жылда кабылган эң чоң токой өртү болгону билдирилди.

2028975
Грецияда  19 -  августта чыккан өрт уланууда

Александруполи жана Мерич аймагында 19 - августтан бери уланып жаткан өрттүн Грециянын акыркы 20 жылда кабылган эң чоң токой өртү болгону билдирилди.

Греция метеорология департаментинин Европа Биримдигинин (ЕБ) Коперник өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына таянып даярдаган отчетко караганда Александруполи жана Еврос аймагында 23-августка чейинки мезгилде күйгөн токой аянты 720 миң декардан ашты.

Өлкөдө акыркы 20 жылда болгон эң чоң 16 өрт кырсыгында жалпысынан 4 миллион 200 миң декар жер күйгөн.

Бул өрт акыркы жылдарда Европада катталган эң чоң өрт катары отчетто белгиленди.

Июль айында 520 миң гектар жер өрттөлгөн Грецияда быйыл 1 миллион 200 миң гектардан ашуун жер күлгө айланды.

Бир тараптан өрт коюуга шектелип кармалган 140 кишинин 73 тууралуу сот иштери башталды.



Тектеш кабарлар