БРИКС саммити аяктады

Саммит Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган БРИКС тобунун жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу чечими жагынан тарыхый саммит болду.

2029172
БРИКС саммити аяктады

22 - 24 - августта Йоханнесбургда Түштүк Африка Республикасы тарабынан уюштурулган БРИКСтин 15 - саммити аяктады.

Саммит Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан турган БРИКС тобунун жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу чечими жагынан тарыхый саммит болду.

Дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсү чакырылган саммитке мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде көптөгөн өлкөлөр катышты.

 

Көп уюлдуу глобалдык системаны жактаган БРИКС өлкөлөрү тобу Батыш борбору болгон азыркы системага каршы Азия, Африка жана Латын Америка өлкөлөрү үчүн ылайыктуу  альтернативаны түзүүдө. 

Буга чейин 22 мамлекет БРИКСке мүчө болуу үчүн расмий арыз берген. Бир катар өлкө да БРИКСке мүчө болуу каалоосун бейрасмий түрдө билдиришкен.

Йоханнесбургдагы саммиттин алгачкы 2 күнүндө БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери учурдагы арыздарды жана мүчөлүк критерийлерин талкуулап, Аргентина, Бириккен Араб Эмирликтери, Эфиопия, Иран, Египет жана Сауд Арабия сыяктуу 6 өлкөнү чакыруу чечимин чыгарышты. 

 

Жаңы мүчөлөрдүн 2024 -  жылдын 1 - январынан тарта мүчө болуусу менен БРИКСка мүчө саны келерки   11ге жетет. 

БРИКСтын 2030 - жылга чейин дүйнөлүк экономиканын жарымынан көбүн ээлей тургандыгы  күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар