Россияда жеке учак кырсыкка учурап, Вагнердин негиздөөчүсү Пригожин каза болду

Кабар Россия федералдык аба транспорттук агенттиги тарабынан да ырасталды.

2028468
Россияда жеке учак кырсыкка учурап, Вагнердин негиздөөчүсү Пригожин каза болду

Россиянын Тверь облусунда жеке бир учактын кырсыкка учурагандыгы, Вагнердин лидери Евгений  Пригожин да араларында болгон  10 кишинин сөөгүнүн аныкталгандыгы билдирилди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул тууралуу билдирүүсүндө Эмбраер Легаси үлгүсүндөгү жеке учактын Тверь облусунда кулагандыгын жарыялап : «Учакта үч экипаж  менен  10 киши болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда учактагы кишилердин баары каза болду»,- деп билдирди.

Орус маалымат агенттиги ТАСС Тверде кырсыкка учураган жана  10 киши каза болгон атайын учакта Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин да бар экендигин билдирди.

Кабар андан кийин Россия федералдык аба транспорттук агенттиги тарабынан да ырасталды.

Агенттик кулаган учакта Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин каза болгондугун билдирди.

Вагнерге жакындыгы белгилүү болгон кээ бир Telegram каналдарында учактын орус армиясынын коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөндүгү айтылууда.

Пригожин  жалданма аскерлери менен 24 - июнда орус өкмөтүнө каршы куралдуу көтөрүлүш баштаган. Көтөрүлүш Беларустун президенти Александр Лукашенконун кийлигишүүсү менен аяктаган.



Тектеш кабарлар