Армян топтор жарандык учактарды бутага алууда

Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу топтору жарандык учактарды бутага алууда.

2027797
Армян топтор жарандык учактарды бутага алууда

Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу топтору жарандык учактарды бутага алууда.

Азербайжанда террордук аракеттерди жасаган мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрдүн аскердик аракеттери уланууда.

Азербайжандын коргоо министрлиги бул топтордун жарандык учактарды бутага алганын жарыялады.

Бул террордук топтордун Азербайжан аба мейкиндигин колдонгон жарандык учактардын GPS системаларына аршы радио жыштыктарды баш - аламан кылуучу системаны колдонгондугу тууралуу маалымат берилди. 

Министрликтин билдирүүсүндө окуя тууралуу орус командирлигине маалымат берилгенине карабастан эч бир чара чара көрүлбөгөндүгү белгиленди. 

Жарандык авиациянын коопсуздугуна радио жыштык бөгөттөөчү менен тоскоол кылуунун кабыл алынгыс экени баса белгиленген билдирүүдө, бул  кыймылдардын  эл аралык жарандык авиация эрежелерине терс экендиги эскертилди.

Бир тараптан Индиядан Иран аркылуу Арменияга ташылган аскердик унаалардын видеолору Азербайжанда жергиликтүү басма сөз жана социалдык медиада бөлүшүлдү.

Видеолордо  бронетранспортёрлордун жүк ташуучу унааларга алып барылышы көңүлдөрдү бурду.

 

 

 



Тектеш кабарлар