Венгриядан Түркия менен кызматташтыкты бекемдөө билдирүүсү
Венгриянын расмий радиосу Kossuthтун кабарына караганда, Сийярто президент Эрдогандын Венгрия сапарына баа берди.
Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто президент Режеп Таййип Эрдогандын Венгрияга сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы карым- катнаштарды дагы да чыңдоого макулдашылганын билдирди.
Венгриянын расмий радиосу Kossuthтун кабарына караганда, Сийярто президент Эрдогандын Венгрия сапарына баа берди.
Эрдогандын 18-декабрдагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйынынын алкагында кайрадан Венгрияга барарынын күтүлгөнүн кабарлаган Сийярто, бул иш-чаранын алкагында артыкчылыктуу стратегиялык өнөктөштүктүн түзүлүшү үчүн келишимге кол коюла турганын айтты.
Сийярто эки өлкөнүн жакшы деңгээлдеги эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашканын баса белгиледи.
Венгриянын «Түрк агымы» түтүк жолу аркылуу жаратылыш газын сатып алууга да кызыкдар экенин билдирген Сийярто, Түркиянын энергетика тармагындагы маанилүү транзиттик ролуна көңүл бурду.