АКШ террористтер менен куралдуу машыгуу өткөрдү

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда америкалык аскерлердин ондогон ПКК/ЙПГ террористтери менен Камышлыдагы машыгуусу 15-17-август күндөрү болду.

2026404
АКШ террористтер менен куралдуу машыгуу өткөрдү

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириядагы куралдуу машыгуусун уланткан АКШ  армиясы Хасеке облусунун түндүк-чыгышындагы Камышлы районунда террористтер менен биргелешкен куралдуу машыгуу өткөрдү.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда америкалык аскерлердин ондогон ПКК/ЙПГ террористтери менен Камышлыдагы машыгуусу 15-17-август күндөрү болду.

Биргелешкен куралдуу машыгууда зениттик мылтыктар, АКШда жасалган Брэдли брондолгон согуштук машиналары жана түрдүү оор куралдар колдонулган.

АКШ армиясы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга Хасекедеги Абдулазиз тоосундагы базалары менен Дейр эз-Зор провинциясындагы Эль-Омер жана Конико мунай кендеринде тез-тез аскердик машыгуудан өтүүдө.



Тектеш кабарлар