АКШда робот таксилер тыгын жаратты

Социалдык тармактардагы видеолор, музыка фестивалынын катышуучулары чакырган көп сандагы робот таксилердин интернетке туташуу көйгөйлөрүнө туш болгонун көрсөттү.

2025953
АКШда робот таксилер тыгын жаратты

АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында айдоочусуз 10 робот таксинин интернет байланышы үзгүлтүккө учурап тыгын пайда болду.

Социалдык тармактардагы видеолор, музыка фестивалынын катышуучулары чакырган көп сандагы робот таксилердин интернетке туташуу көйгөйлөрүнө туш болгонун көрсөттү.

Көргөн күбөлөр, Cruise компаниясынын робот таксилери кесилиштерди 15 мүнөткө жаап, "тез жардам унааларынын аймакка кирүүсүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн" деген кооптонууну жаратканын айтышты.

Компания, музыка фестивалынын "робот таксилерде зымсыз өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектөөгө алып келгенин" белгилеп, көйгөйдүн үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Сан-Францискодогу Өрт өчүрүү бөлүмү, өткөн жумадан тарта 2023-жылы шашылыш абалдарга кийлигишүүлөргө тоскоол болгон 55 "айдоочусуз унаа" окуясынын катталганын ырастады.

Сан-Франциско шаарында «робот таксилерге» шаардын бардык жеринде 24/7 иштөөсүнө уруксат берилген.



Тектеш кабарлар