Түштүк Кореядан Кытайга чакыруу салынды

Түштүк Кореянын Биригүү министри Ким Юн Хо Түндүк Кореядан Кытайга качып бул жерде камакка алынган кишилердин түндүккө тапшырылышы үчүн кызматташууга чакырды.

2025368
Түштүк Кореядан Кытайга чакыруу салынды

Түштүк Кореянын Биригүү министри Ким Юн Хо Түндүк Кореядан Кытайга качып бул жерде камакка алынган кишилердин түндүккө тапшырылышы үчүн кызматташууга чакырды.

Йонхаптын кабарына караганда, Ким Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулдагы иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Кытайга качкан түндүк кореялыктарга «качкын» катары каралышы керектигин айтты.

Ким Түндүк Кореядан Кытайга качып ал жерде камакка алынган кишилердин тапшырылышы керектигин белгилеп : "Кытайда камакка алынган түндүктүктөр жана алардын (Түндүккө)  мажбур трдө тапшырылышы тууралуу Кытай өкмөтүн кызматташууга чакырабыз",- деди.

Качкындарга эл аралык стандарттарга ылайык жана адамгерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген Ким, бул адамдардын Түштүк Корея менен бирге каалаган өлкөсүнө бара алышы керектигин белгиледи.

Ким Түштүк Кореяга барууну каалаган бардык түндүк кореялыктарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Түндүк Кореянын Адам укуктары боюнча маалымат борборунун (NKDB) маалыматына караганда, өлкөгө кайтарылган 8148 качкындын 98 пайызы Кытай тарабынан жөнөтүлгөн.

 



Тектеш кабарлар