Судандагы уруулар аралык кагылышуу башталды...

Чад чек арасындагы Батыш Дарфур провинциясында араб Бени Халба менен африкалык Масалит урууларынын ортосундагы кагылышууда ондогон адамдар каза болгонун күбөлөр кабарлашты.

2023773
Судандагы уруулар аралык кагылышуу башталды...

Судандын батышындагы Дарфур аймагында араб жана африкалык уруулардын кагылышуусунан ондогон адамдардын набыт болгону кабарланды.

Чад чек арасындагы Батыш Дарфур провинциясында араб Бени Халба менен африкалык Масалит урууларынын ортосундагы кагылышууда ондогон адамдар каза болгонун күбөлөр кабарлашты.

Апрель айынын орто ченинде Судан армиясы менен өкмөт козголоңчулар деп жарыялаган жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда башталган жарандык согуш менен аймакта этникалык зомбулук күчөдү.

Судандагы регионализм жана трайбализм түшүнүгү эки күчтүн ортосундагы кагылышууларды уруулар катышкан жарандык согушка айлантат деп чочулашууда.

Судан армиясы бир кезде колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия катары аракет кылганы үчүн коркунуч катары көргөн HDKнын 2 жылдын ичинде армияга толук кошулушун каалаган.

Жарандык өкмөттөн кийин болжол менен 10 жылга созулган бир мезгилде муну кабыл ала турган HDK билдирүүсү менен башталган кайым айтышуулар 15-апрель күнү эртең менен Хартум жана ар кайсы шаарларда тараптардын ортосунда куралдуу кагылышууга айланган.

Хартум жана анын айланасында, өзгөчө батыш шаарларында дагы эле уланып жаткан айыгышкан кагылышууларда көпчүлүгү карапайым тургундар болгон 3 миңден ашуун адам каза болуп, он миңдеген киши жаракат алды.

Бириккен Улуттар Уюму Судандагы жаңжалдан улам 4 миллиондон ашуун адам жер которгондугун билдирди.



Тектеш кабарлар