Орусияда Су-30 учагы кулап түштү
Учактагы эки учкучтун каза болгону кабарланды.
2023709
Орусиянын Калининград облусунда Су-30 согуштук учагынын машыгуу маалында кулашынын натыйжасында 2 учкуч каза болду.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Батыш аскер округунун билдирүүсүндө, Калининградда машыгуу учуусун аткарып жаткан Су-30 согуштук учагынын кыйраганы маалымдалды.
Учактагы эки учкучтун каза болгону кабарланды.
Учакта ок-дары жок экени, кырсыктын техникалык мүчүлүштүктөн улам болушу мүмкүн экендиги айтылды. Орусиянын Европадагы жери катары белгилүү Калининград Балтика деңизинде НАТО мамлекеттери Польша менен Литванын ортосунда жайгашкан.
Орус армиясы 2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Украинадагы согушта Су-30 согуштук учагын кеңири колдонууда.