Орусия: "Украина Крым жарым аралына кол салууга аракет кылды"
Крым 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын 20 учкучсуз учуучу аппарат менен Крым жарым аралына кол салууга аракет кылганын кабарлады.
Министрликтин билдирүүсүндө: «Бүгүн түнү Киев режиминин Крым жарым аралынын аймагындагы объектилерге 20 учкучсуз аппарат менен террордук чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду»,-деп айтылды.
Орусиянын абадан коргонуу системалары тарабынан 14 учкучсуз учуучу аппараттын, электрондук согуш унаасы менен да 6 учкучсуз аппараттын атып түшүрүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө: «Террордук чабуулдардын натыйжасында адам өлүмү жана кыйроолор болгон жок»,-деп айтылды.
Крым 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган.
2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага басып кирүүгө буйрук бергендиктен Орусия-Украина согушу башталган.
Путин Киевдин НАТОго мүчөлүгүнө жол бербөө жана аны Орусиянын таасир чөйрөсүндө калтыруу үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацисттерди жок кылууну максат кылганын айткан.