Кытайда эскертүү берилди

Жиамуси облусунун Тангюен районунда жана Читайхи облусунун Боли районунда чарчы метрге жааган жаан-чачындын көлөмүнүн 100 миллиметрден ашуусу күтүлүп жатканын билдирилди.

2023411
Кытайда эскертүү берилди

Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын эки аймагында «Ханун» тайфунунун таасиринен улам жамгырдын көбөйүшүнө байланыштуу сел коркунучуна каршы «шашылыш» эскертүү жарыяланды.

Провинциянын метеорология борбору, Жиамуси облусунун Тангюен районунда жана Читайхи облусунун Боли районунда чарчы метрге жааган жаан-чачындын көлөмүнүн 100 миллиметрден ашуусу күтүлүп жатканын билдирди.

Сел коркунучуна байланыштуу эки облуста тең «кызыл эскертүү» жарыяланды. Кытайдын 4 баскычтуу сел эскертүү системасындагы «кызыл» эң жогорку кооптуу деңгээлди билдирет. Андан кийин «кызгылт сары», «сары» жана «көк» орун алат.

«Ханун» тайфунунан улам провинциянын Хиганг, Жиамуси, Шуангяшан, Жиши жана Муданцзян шаарларында бүгүн кечке чейин чарчы метрине 40 миллиметрден 80 миллиметрге чейин жаан-чачын болушу күтүлүүдө.

Жаан-чачындын көлөмү Жиши жана Муданьцзяндын айрым жерлеринде 110 миллиметрге жетет.

Түндүк-чыгыш провинцияларына катуу таасирин тийгизген «Ханун» тайфунунан улам Хэйлунцзян провинциясын кесип өткөн Сонгхуа дарыясынын айрым жерлеринде суунун деңгээли кооптуу түрдө көтөрүлдү.

Провинцияда жамгыр жана селден ушул убакка чейин 374 миң киши жабыр тартса, 187 миң киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Хэйлунцзянда 2-августтан бери катуу шамал жана жамгыр 6 шаардын 37 округунда селге алып келди. Кытайдын маанилүү дан өндүрүү борборлорунун бири болгон аймакта 258 миң гектар айыл чарба жери зыянга учураса, 23 миң 708 үй зыян тартып, 149 көпүрө жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар