Хуситтер эки кемени аткандарын жарыялады

Аскердик басма сөз катчысы "оккупациядагы Палестина портторуна кирүүгө тыюу салууну" бузгандыктан кемелердин бутага алынгандыгын билдирди.

2155281
Хуситтер эки кемени  аткандарын жарыялады

Йеменде Иран колдогон хуситтер Кызыл деңизде жана Инд океанында канаттуу ракета жана капитансыз деңиз унаасы менен эки кемеге сокку урганын билдирди.

Хуситтердин Аскердик катчысы Яхя Сери :  «Transworld Navigator» аттуу кеменин Кызыл деңизде капитансыз деңиз унаасы тарабынан тактык менен бутага алынганын белгиледи.

Сери Инди океанында канаттуу ракета менен Stolt Sequoia аттуу башка бир кеменин да таамай атылгандыгын жарыялады.

Аскердик басма сөз катчысы "оккупациядагы Палестина портторуна кирүүгө тыюу салууну" бузгандыктан кемелердин бутага алынгандыгын билдирди. 

 

 



Тектеш кабарлар