АКШдан Түркияга мактоо...

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллерге маалымат жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путиндин август айында Түркияга жасай турган сапары тууралуу суроо берилди.

2022138
АКШдан Түркияга мактоо...

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түркиянын Орусияга Кара деңиз дан келишимине кайтуусу үчүн басым жасаганына ыраазы болгонун билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллерге маалымат жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путиндин август айында Түркияга жасай турган сапары тууралуу суроо берилди.

Миллер: «Мен Түркиянын Орусияны Кара деңиз дан демилгесине кайра кошулууга мажбурлоодогу ролун кубаттайбыз дегенден башка сапар тууралуу сөз кылбайм»,- деп жооп берди.

Миллер, Түркиянын дан демилгесиндеги ролу жөнүндө, «(Түркиянын расмий өкүлдөрү) Алар эң башынан эле бул демилге боюнча макулдашууга жетишүүгө жана Орусияны демилгени улантууга көндүрүүгө абдан конструктивдүү жардам көрсөтүштү»,-деп айтты.

Министрликтин басма сөз катчысы Түркиянын дан келишиминин улануусунда «өндүрүмдүү ролун» улантуусун кааларын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн аптада Орусиянын президенти Путиндин Түркияга күтүлүп жаткан сапары тууралуу суроого: «Күнү азырынча тактала элек. Бирок менин тышкы иштер министрим, менин чалгындоо башчым, баардыгы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул сүйлөшүүлөрдүн алкагында бул сапар август айында болот деп ойлойм»,-деп жооп берген болчу.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунун дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда өткөрүлгөн аземде Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшкан.

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 17-июлда мөөнөтү аяктаган келишимге байланыштуу : «Дан коридору келишими чындыгында аяктады, ал токтотулду. Орусия тийиштүү шарттар ишке ашар замат дан келишимине дароо кайтып келет. Келишимдин орусиялык бөлүгү аткарылган жок»,-деп билдирүү жасаган болчу.



Тектеш кабарлар