Нигердин премьер-министри төңкөрүшчүлөргө каршы эл аралык жардам чакырыгын салды

Махамаду басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Батыш Африкада демократияны коргоо зарылдыгын баса белгилеп, төңкөрүш жасоочуларга каршы эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

2019114
Нигердин премьер-министри төңкөрүшчүлөргө каршы эл аралык жардам чакырыгын салды

Нигердин премьер-министри Ухоумуду Махамаду өз өлкөсүндөгү төңкөрүшчүлөргө каршы эл аралык жардам чакырыгын салды.

Махамаду басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Батыш Африкада демократияны коргоо зарылдыгын баса белгилеп, төңкөрүш жасоочуларга каршы эл аралык коомчулуктан жардам сурады.

Эл аралык жолугушуу үчүн Италияга барганын жана төңкөрүш жасоочулар чек араларды жапкандыктан өлкөсүнө кайта албагандыгын белгилеген Махамаду Францияда экенин айтты.

Махамаду төңкөрүш тууралуу : «Бул бир апаат, анткени Нигер сезимтал өлкө. Өлкөдө 4 миллион кишинин тамак-аш маселеси бар жана 300 миң качкын бар»,-деди.

Мали, Буркина-Фасо жана Гвинеяда 2020-жылдан бери болгон төңкөрүштөрдү эске салган Махамаду, Нигердеги төңкөрүш башкаруусу таанылса Батыш Африкадагы демократиянын толугу менен коркунучта боло турганын баса белгиледи.

Махамаду: «Бул ECOWAS (Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу) өлкөлөрүнүн аман калуу маселеси жана эл аралык коомчулук үчүн ишеним маселеси. Нигер демократиялык мамлекет бойдон калышы керек»,-деди.

Премьер-министр Махамаду: «Нигер региондогу демократияны өнүктүрүүнүн жана түштүктөгү өлкөлөрдө терроризмдин жайылышын ооздуктоонун негизи болуп саналат»,деп айтты.

 

Нигердеги төңкөрүш

 

Нигерде президент Мохаммед Базум 26-июлда президенттик гвардия полкунун элементтери тарабынан кармалган жана ошол эле күнү кечинде аскерлер ал бийликти басып алганын жарыялашкан.

Президенттик гвардиялык полктун командири генерал Абдуррахман (Омар) Тчиани 28-июлда Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин (КНСП) хунтасынын жетекчилигине киришип, өткөөл өкмөттүн башчысы болду.

ECOWAS болсо 30-июлда өткөргөн кезексиз саммитинде аскерий хунтага президент Базумду бошотууга жана кызматка кайтып келүүгө бир жума убакыт берди.



Тектеш кабарлар