Индия фармацевтикалык компаниянын өндүрүшүн токтотту

ДССУ «Индияда жайгашкан фармацевтикалык компаниялар чыгарган жөтөл сироптору жакында кээ бир өлкөлөрдө өлүмгө алып келди» деп эскерткен.

2019459
Индия фармацевтикалык компаниянын өндүрүшүн токтотту

Индия Камерунда балдардын өлүмүнө себепкер деген шек менен Riemann Labs фармацевтикалык компаниясынын өндүрүшүн токтотту.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жасалган билдирүүдө Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Камерунда 4 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөл сиропу учурлары тууралуу эскертип, тема боюнча маалымат сураганы белгиленди.

Борбордук Фармацевтикалык Стандарттарды Көзөмөл Уюму (CDSCO) менен аймактагы бийликтердин Индияда жайгашкан дары фирмасы Riemann Labsди биргелешип текшергени белгиленген билдирүүдө, тыянактан кийин бийликтердин фирманын дары өндүрүшүн токтотуу чечимин чыгарганы билдирилди.

ДССУ «Индияда жайгашкан фармацевтикалык компаниялар чыгарган жөтөл сироптору жакында кээ бир өлкөлөрдө өлүмгө алып келди» деп эскерткен.



Тектеш кабарлар