Иранда катуу ысыктан улам бардык мекемелер 2 күндүк эс алууга чыкты

Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Бахадори Чероми өзүнүн Twitter баракчасында билдирди.

2018747
Иранда катуу ысыктан улам бардык мекемелер 2 күндүк эс алууга чыкты

Иранда катуу ысыктан улам бардык мекемелер 2 күндүк эс алуу деп жарыяланды.

Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн басма сөз катчысы Али Бахадори Чероми өзүнүн Twitter баракчасында билдирип,“Бул күндөрү болуп көрбөгөндөй ысыктан улам жарандардын ден соолугун коргоо максатында өлкө боюнча шаршемби жана бейшемби күндөрү эс алуу күнүн өткөрүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушу министрлер кеңешинде кабыл алынды”,деген сөздөргө орун берди.

Акыркы жумаларда өтө ысык аба ырайы таасирдүү болгон Иранда эртең өлкөнүн түштүк батышындагы кээ бир шаарларда абанын температурасынын 51 градуска жетээри болжолдонууда. Борбор калаа Тегеранда 40 градуска чейин ысык болушу күтүлүүдө.

Ирандын саламаттыкты сактоо министри Бахрам Эйнуллахи өкмөткө абанын температурасы 40 градустан ашкан аймактарды эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштады.



Тектеш кабарлар