Блинкен Жаңы Зеландиянын премьер-министри менен жолугушту

Тынч океан өлкөлөрүнүн АКШ үчүн маанисине көңүл бурган Блинкен эки өлкөнүн мындан ары да биргелешип иш алып барарына толук ишенээрин белгиледи.

2016787
Блинкен Жаңы Зеландиянын премьер-министри менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жаңы Зеландиянын премьер-министри Крис Хипкинс менен эки тараптуу, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулашкан сүйлөшүү өткөрдү.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Жаңы Зеландияга барган Блинкен Хипкинс менен жолугушуп эки тараптуу, аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулады.

Тынч океан өлкөлөрүнүн АКШ үчүн маанисине көңүл бурган Блинкен эки өлкөнүн мындан ары да биргелешип иш алып барарына толук ишенгенин белгиледи.

Блинкен Хипкинске Жаңы Зеландиянын Украинага көрсөткөн жардамы үчүн ырахмат айтып, айдын башында Литванын борбор шаары Вильнюста өткөрүлгөн НАТОнун Лидерлер саммитине Жаңы Зеландиянын катышканына ыраазычылык билдирди.

Экөөнүн Кытайга болгон сапарларына баа берилген жолугушууда Блинкен "эркин жана гүлдөп өнүккөн Индо-Тынч океан аймагына" басым жасады.



Тектеш кабарлар