Орус учагы АКШнын учкучсуз учуучу аппаратын куугунтуктады

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы 9-аба күчтөрү командири генерал-лейтенант Алекс Гринкевич жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча 23-июлда беттешкенин белгиледи.

2016337
Орус учагы АКШнын учкучсуз учуучу аппаратын куугунтуктады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы, орус согуштук учагынын Сириянын үстүнөн учуп бара жаткан АКШга таандык учкучсуз учуучу аппаратын (УУА) саман патрондорун таштоо менен кысымга алганын жана окуя учурунда учкучсуз учуучу аппараттын винтинин зыян тартканын жарыялады.

АКШнын Жакынкы Чыгыштагы 9-аба күчтөрү командири генерал-лейтенант Алекс Гринкевич жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча 23-июлда беттешкенин белгиледи.

АКШнын MQ-9 аскердик учкучсуз учуучу аппаратынын Сириянын үстүнөн учуп жатканда Орусиянын Су-35 согуштук учагынын түздөн-түз УУАнын үстүнө келгенин белгилеген Гринкевич, андан кийин орус учагынын  радарларды жана өзгөчө радар жетектеген ракеталарды алдоо үчүн колдонулганын «саман патронду»  таштап кеткендигин билдирди.

Атылган ракетанын натыйжасында MQ-9 винтинин жабыркагандыгын белгилеген Гринкевич : «Сириядагы орус күчтөрүн бул ойлонбогон, негизсиз жана профессионалдуу эмес аракеттерин тез арада токтотууга чакырабыз»,-деди.

Жылуулук жана радар менен башкарылган ракеталарды алдоо үчүн колдонулган Chaff тосмо системасы көпчүлүк аскердик учактарда бар.



Тектеш кабарлар