Макрон - Моди сүйлөшүүсү

Макрон борбор шаар Парижде Индиянын премьер  - министри Нарендра Моди менен Елисей сарайында жолугушту.

2011693
Макрон  - Моди  сүйлөшүүсү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон бардык гегемониядан алыс Индо  -  Тынч океан аймагын каалагандыгын айтты.

Макрон борбор шаар Парижде Индиянын премьер  - министри Нарендра Моди менен Елисей сарайында жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Макрон, Франция менен Индиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жаткандарын эске салды.

Макрон Индия аскерлеринин Биринчи дүйнөлүк согушта француздар менен бирге согушкандыгын айтты.

Эл аралык кризистер менен күрөшүү үчүн Франция менен Индиянын ишеним карым-катнаштарын күчтөндүрүүнү уланта тургандарын белгилеген Макрон, Индия менен биргеликте туруктуу тынчтыкты түзүү аракетин уланта тургандарын айтты.

Макрон : «Биргеликте Индо  -  Тынч океан көз карашыбызды жактайбыз : бардык гегемониядан алыс жана ачык болушу керек болгон Индо  -  Тынч океан аймагы»,- деди.

Индия менен Франциянын армияларынын Индо-Тынч океан аймагындагы «тынчтык, коопсуздук жана эл аралык укуктун сакталышына» салым кошуу үчүн өз ара аракеттенип жатканын белгилеген Макрон, индиялык жана француз фирмаларынын Индо-Тынч океандагы долбоорлору үчүн жаңы фонд түзө турганын айтты.

Макрон Индиянын өлкөсүнүн Азиядагы экинчи эң чоң соода өнөктөшү экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар