Россиянын мамлекеттик технология фирмасы Apple компаниясына тыюу салды

Россиянын мамлекеттик аскердик өнөр жай компаниясы Ростек  кызматкерлеринин Американын технология гиганты Apple тарабынан иштелип чыккан аппараттарды колдонууга тыюу салынганын билдирди.

2011448

Ростектин басма сөз кызматы Тасс маалымат агенттигине берген маегинде : «Фирманын бардык мекемелеринде Америкада чыккан бардык аппараттардын колдонулушуна байланыштуу тыюу салынууда»,- деди.

2007 -  жылы Путиндин буйругу менен курулган холдинг учурда Россия боюнча коргоо тармагындагы 800дөн ашык  изилдөө жана өндүрүштүк уюмдарды бириктирүүдө.

Mash аттуу телеграмма каналы буга чейин Apple аппараттарындагы тыюу салуунун Ростектин  холдингдеринин бири болгон жана оптоэлектрондук системалар боюнча  адистешкен Швабеге гана киргизилгенин билдирген.

Бирок чектөөлөрдүн бардык фирма үчүн көрүлгөн кенен бир  чара экендиги ортого чыкты.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда ЦРУнун орус жарандары жана өлкөдө иштеген чет элдик дипломаттар колдонгон миңдеген iPhone телефондоруна жаман максатта программа орноткондугун билдирди.

Apple Американын чалгындоо кызматтарына Ак үйдүн кызыгуусун тарткан  адамдарды иликтөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин айткан.

Тектеш кабарлар