Японияда Epsilon S үлгүсүндөгү ракетанын кыймылдаткычы жарылды

Япониянын аэрокосмостук изилдөө агенттигине (JAXA) таандык Epsilon S үлгүсүндөгү кичинекей ракета кыймылдаткычы сыноо учурунда жарылды.

2011442
Японияда  Epsilon S үлгүсүндөгү ракетанын кыймылдаткычы жарылды

Япониянын аэрокосмостук изилдөө агенттигине (JAXA) таандык Epsilon S үлгүсүндөгү кичинекей ракета кыймылдаткычы сыноо учурунда жарылды.

Агенттиктин билдирүүсүнө ылайык, Япониянын аэрокосмостук изилдөө агенттиги  Epsilon S ракетасын түндүк Акита провинциясындагы Ноширо сыноо борборунда сынады.

Сыноо учурунда кыймылдаткычтын экинчи этабын сыноого бир мүнөт калганда Epsilon S үлгүсүндөгү ракетанын кыймылдаткычы жарылды.

Жергиликтүү  маалымат каражаттарында жарыяланган көрүнүштөрдө  сыноо  борборунан өрттүн чыккандыгы жана  имараттын чатырынын учкандыгын  көрүүгө болот.

Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлигинин расмий өкүлү ракетанын кыймылдаткычынын жарылуусу учурунда жабыркагандардын болбогонун билдирди.

Расмий Киодо агенттиги ийгиликсиз сыноодон к ийин Япониянын аэрокосмостук изилдөө агенттиги Epsilon S үлгүсүндөгү ракетаны учурууну 2024 финансы жылына жылдыргандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар