АКШ Сириядагы базаларына колдоо жөнөттү

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШ күчтөрүнө таандык эки конвой Ирак менен Сириянын ортосундагы Эль-Валид чек ара капкасынан Хасекеге кечээ кирди.

2010419
АКШ Сириядагы базаларына колдоо жөнөттү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы Сириядагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Хасеке провинциясындагы базаларга болжол менен 100 унаадан турган аскердик жана логистикалык күчтөндүрүү конвоюн жөнөттү.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШ күчтөрүнө таандык эки конвой Ирак менен Сириянын ортосундагы Эль-Валид чек ара капкасынан Хасекеге кечээ кирди.

100гө жакын унаадан турган эки конвой Хасекенин элет жериндеги жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Шеддади, Румейлан жана Тел Бейдер отурукташуу жерлериндеги АКШ күчтөрүнүн базаларына жетти.

Конвойлордо вертолёттор менен абадан коргогон бронетранспортерлер, күйүүчү май ташыган танкерлер жана көптөгөн ок-дары жүктөлгөн унаалар болгон.

АКШ армиясы 6, 8, 22, 25-январь жана 19, 20-июнда Хасеке айылындагы жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ басып алган Румейлан, Шеддади жана Тел Бейдер отурукташуу жерлериндеги базаларга кошумча күчтөрдү жөнөткөн.



Тектеш кабарлар