Алексей Резников : "Кассеталык бомбалар Россиянын аймактарында колдонулбайт"

Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ бере турган кассеталык бомбалардын Россиянын аймагында колдонулбай тургандыгын айтты.

2008710
Алексей Резников : "Кассеталык бомбалар Россиянын аймактарында колдонулбайт"

Украинанын коргоо министри Алексей Резников АКШ бере турган кассеталык бомбалардын Россиянын аймагында колдонулбай тургандыгын айтты.

Резников соцтармактан берген билдирүүсүндө кассеталык бомбалардын колдонулушу тууралуу  баш ийе турган негизги принциптерди белгиледи.

Украинанын бул ок  - дарыларды бир гана эл аралык деңгээлде таанылган жерлерин оккупациядан куткаруу үчүн колдонуларын айткан Резников : «Бул ок  - дарылар Россиянын расмий түрдө кабыл алынган аймактарында колдонулбайт»,- деди.

Министр Резников жарандарга карата коркунуч жаратпаш үчүн кассеталык бомбаларды шаарларда колдонбой тургандарын белгилеп буларды айтты : "Кассеталык бомбалар орус армиясы көп болгон аймактарда гана колдонулат. Бул ок - дарылар душмандын коргонуу линияларын жарып өтүү үчүн колдонулат. Өтө  оор чабуул операциялары учурунда аскерлерибиздин өмүрүн сактоо биздин башкы приоритетибиз».

Украинанын кассеталык бомбаларды  колдонушуна жана колдоно турган жергиликтүү аймактардын каттоого алынарына  көңүлдөрдү бурган Резников : «Бул каттоолорго  карата жерлерибиздин оккупациядан куткарылышы жана жеңишибизден кийин бул аймактардын миналардан тазаланышы  алдыңкылыгыбыз болот»,- деди.

Министр Резников  көзөмөлдүн тиешелүү стандарттарга жооп бериши үчүн кассеталык бомбалардын колдонулушу жана эффективдүүлүгү боюнча өнөктөштөргө отчет беришерин билдирди.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан кечээги маалымат жыйынында : «Украинаны коргоосуз калтырбайбыз»,-  деп, өлкөгө кассеталык бомбалар боюнча жардам беришерин жарыялаган.



Тектеш кабарлар