Израилде кызматтан кетүү нааразылык акцияларын жаратты

Полиция башчысы Ами Эшед отставкага кеткенин жарыялаган басма сөз жыйынында, «Эрежелерди, протоколдорду, уюмдун түзүлүшүн жана маданиятын бузбагандыктан министрликтин күткөндөрүн аткара албаганын» билдирди.

2007769
Израилде кызматтан кетүү  нааразылык акцияларын жаратты

Израилдин борбор шаары Тель-Авивдин полиция башчысы Ами Эшеддин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин кысым көрсөтүүсүн шылтоолоп кызматтан кетиши өлкө боюнча, өзгөчө Тель-Авивде нааразылык акцияларына жана окуяларга себеп болду.

Полиция башчысы Ами Эшед отставкага кеткенин жарыялаган басма сөз жыйынында, «Эрежелерди, протоколдорду, уюмдун түзүлүшүн жана маданиятын бузбагандыктан министрликтин күткөндөрүн аткара албаганын» билдирип, «Жарандык согуштун алдын алуу үчүн мен чоң чыгымга учурап жатам»,-деп айтты.

Мындан мурда Тель-Авивдеги өкмөттүн талаштуу сот тартибине каршы бир нече айга созулган нааразылык акцияларына жумшак кийлигишкени үчүн Бен-Гвир тарабынан кызматтан алынган, бирок кийинчерээк кайра кызматына алып келинген Эшед, алар демонстранттар жаап салган Тель-Авивдин негизги артериясы болгон Айалон шоссесин «демонстранттардын башын жана сөөктөрүн сындырып» ача аларын, бирок муну жасабагандарын айтты.

Эшед кызматтан кеткенин жарыялагандан көп өтпөй Тель-Авивде миңдеген адамдар көчөгө чыгышты. Тель-Авивдеги демонстранттар Израилдин желектери менен Айалон шоссесин эки багытта сааттар бою тосушту, жолдо от жагышты жана фейерверктерди атышты.

Израиль полициясы күч колдонуу менен чыккан окуяларга кийлигишти.

Өлкө боюнча 30га жакын жерде өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышкан топтор көчөгө чыгышты. Полиция өлкө боюнча кеминде 25 адамды, анын ичинде Тель-Авивде 15 кишини кармады.

Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун өкмөтүнүн соттук өзгөртүү жана башка оңчул саясаттарына каршы чыккан нааразылык кыймылы 6 айдан бери өлкө боюнча демонстрацияларын улантууда.



Тектеш кабарлар