Байден менен Кристерссон АКШда жолугушту

Байден менен Кристерссондун борбор шаар Вашингтондогу жолугушуусуна байланыштуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

2007653
Байден менен Кристерссон АКШда жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу кызматташтыгын тереңдетүүнү, анын ичинде АКШ менен Швециянын Коргоо кызматташтыгы боюнча жаңы келишимди жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүн талкуулашты.

Байден менен Кристерссондун борбор шаар Вашингтондогу жолугушуусуна байланыштуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү билдирүү жасалды.

Билдирүүгө ылайык, лидерлер Украинаны колдоо жана Кытайга каршы трансатлантикалык аракеттерди координациялоо боюнча милдеттенмелерин талкуулашты.

Байден менен Кристерссон ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүүнү, анын ичинде АКШ менен Швециянын Коргоо кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге карай прогрессти талкуулашты.

Жолугушууда Байден Швециянын аймактык коопсуздукка кошкон салымын жогору баалап, НАТОго мүмкүн болушунча тезирээк кирүү милдеттенмесин баса белгиледи.

Лидерлердин жолугушуусунда климаттын өзгөрүшү жана телекоммуникация тармагындагы кызматташтык сыяктуу маселелер да камтылган.



Тектеш кабарлар