Алжирде көз карандысыздыкты майрамдоо...

Эгемендүүлүктүн 61 жылдыгына карата борбор шаар Алжирде өлкөнүн улуттук кийимдери кийилген фестиваль өткөрүлдү.

2007697
Алжирде көз карандысыздыкты майрамдоо...

Алжирликтер француз колониясынан 1962-жылы 5-июлда бошотулушунун 61 жылдыгын көптөгөн аймактарда ар кандай иш-чаралар менен белгилешти.

Алжирде 69 жыл мурда башталган боштондук согушунда француз баскынчыларына каршы биринчи ок атылган жер катары тарыхка кирген өлкөнүн чыгышындагы Батна шаарында жарандык, аскерий жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чоң элдик демонстрация өттү.

Эгемендүүлүктүн 61 жылдыгына карата борбор шаар Алжирде өлкөнүн улуттук кийимдери кийилген фестиваль өткөрүлдү.

Президент Абдулмежид Теббун кечээ күнү көз карандысыздык күнүнө карата билдирүү жарыялады.

Теббун дагы сергек болуу керектигин белгилеп, заманбап ой жүгүртүү жана башкаруу моделдерине айлануу үчүн иштөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Башкы штабдын төрагасы Саид Шанкариха куралдуу күчтөргө кайрылуусунда көз карандысыздыкты «соодалашууну кабыл албаган баалуу ишеним» деп мүнөздөдү.

Шанкариха бул аманатты сактап калуунун чын ыкластуу эмгек жана улуттук биримдик руху менен гана мүмкүн экенин белгиледи.

Франциянын Алжирдеги колониялык бийлиги 1962-жылы 5-июлда 132 жылга созулган баскынчылыктан кийин аяктаган.

Алжир бийлигинин маалыматына караганда, француз колониясы өлкөнүн байлыктарын талап-тоноо жана улуттук өзгөчөлүгүн жок кылууга аракет кылуу менен бирге 5 миллиондон ашык шейиттерди калтырды.

Француздук колониализмдин Алжирдеги кылмыш иши эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге ондогон жылдар бою таасир эткен маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

Алжир мамилелердин толук нормалдаштырылышын бул маселенин чечилишине байланыштырса, Франция бул маселени этибарга албай коюуну улантып жатат.



Тектеш кабарлар