Орусия-Украина согушу
Украина акыркы бир жумада 37 чарчы чакырымдан ашык аянт душмандан бошотулганын жарыялады.
![Орусия-Украина согушу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3182/ebeb/2999/64a27c78f0089.jpg?time=1718897168)
Украина акыркы бир жумада 37 чарчы чакырымдан ашык аянттын бошотулганын жарыялады.
Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр акыркы бир жумада чыгышта бошотулган аянттын 9 чарчы чакырымга, ал эми түштүктө 28,4 чарчы чакырымга көбөйгөнүн билдирди.
Чыгышта Украина армиясынын чабуул да, коргонуу аракеттерин да улантып жатканын белгилеген Маляр : «Биз Бахмут багытында баратабыз»,-деди.
Ал ортодо орусиянын коопсуздук кызматы ФСБ, крымдагы облустун губернаторуна кол салуу аракетинин алдын алганын кабарлады.
Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан губернатордун унаасын жардырууга үйрөтүлгөн орустун кармалганы белгиленди.
Шектүүнүн кылмышын моюнга алган видеолор да бөлүшүлдү.
Украинадан темага байланыштуу билдирүү айтыла элек.
Тектеш кабарлар
![Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ee48/7e22/90ad/6674097c827d2.jpg?time=1718897169)
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.