Москва: «Орусияда 700 миң украиналык бала бар»

Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Григорий Карасин Украинадагы жаңжал аймактарынан келген 700 миң бала Орусияда экенин билдирди.

2006391
Москва: «Орусияда 700 миң украиналык бала бар»

Орусия парламентинин жогорку палатасы Федерация Кеңешинин Эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Григорий Карасин Украинадагы жаңжал аймактарынан келген 700 миң бала Орусияда экенин билдирди.

Карасин социалдык тармактагы баракчасында Киев администрациясы балдарга байланыштуу «көйгөй жаратууга» аракет кылып жатканын айтты.

Карасин: «Орусия кээ бир Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, балдарга аяр жана жылуу мамиле жасайт», - деди.

Карасин:«Акыркы жылдары Украинадагы жаңжал аймактарынан качкан 700 миң бала биздин өлкөгө баш калкалаган. Көпчүлүгү үй-бүлөлөрү менен, балдар үйүндөгү балдар мугалимдери менен бирге»,-деп айтты.

Украина орус күчтөрүн Луганск жана Донецк облустарынан украиналык балдарды уурдап кетти деп айыптоодо.

Балдарды табуу жана куткаруу максатында түзүлгөн Украинанын Убактылуу оккупацияланган аймактарын реинтеграциялоо министрлигинин порталынын маалыматы боюнча, согуш башталган 2022-жылдын 24-февралынан бери 19 миң 492 украиналык бала өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга мыйзамсыз алып келинген украиналык балдардын саны 19 миңден ашык болушу мүмкүн экенин, анткени Орусиянын көзөмөлүндөгү Украинанын аймагында кеминде 200 миң бала болгонун айтты.

Эл аралык кылмыш соту Орусия-Украина согушу учурунда украиналык балдардын Орусияга уурдалышы боюнча Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусиянын Балдар укуктары боюнча комиссары Мария Львова-Белованы камакка алуу ордери чыкканын жарыялады.

Билдирүүдө эки шектүүнүн тең украиналык балдарды Орусияга мыйзамсыз алып кетүү кылмышына катышканы, Путиндин көзөмөлүндөгүлөрдүн бул кылмышты жасоосуна тоскоол болбогону үчүн жооптуу экени белгиленди.



Тектеш кабарлар