Индонезия жана Перуда жер титирөөлөр болуп өттү

Индонезиянын Батыш Папуа провинциясында жана Перунун Каравели провинциясында жер титирөөлөр катталды.

2006075
Индонезия жана Перуда жер титирөөлөр болуп өттү

Индонезиянын Батыш Папуа провинциясында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Американын геологиялык кызматы (USGS) 5,4 баллдык жер титирөөнүн очогу Абепура аймагынан 135 километр түштүк-батышта болгонун жарыялады.

Алгачкы аныктамалар боюнча 13 километр тереңдикте болгон жер титирөөдө жан жана материалдык жоготуу болгон жок.

Индонезиянын метеорология, климат жана геофизика институту (BMKG) жер титирөөнүн күчү 6,4 баллга жеткенин жарыялады.

Түштүк Америка өлкөсү Перуда күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Перунун геофизикалык институту (PGI) эпицентри өлкөнүн Каравели провинциясындагы Атико болгон 5,1 баллдык жер титирөөнүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:25те жана 41 километр тереңдикте болгонун билдирди.

Расмий өкүлдөр жер титирөөдө жан жана мүлк жоготуу болбогонун билдирди.

Жер титирөөнүн борбор шаар Лима менен бирге көптөгөн шаарда сезилгени бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар