Шольц : "Түркия менен жаңы жана жакшы кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну каалайбыз"

Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн эки күндүк Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен кийин баа берди.

2005709
Шольц : "Түркия менен жаңы жана жакшы кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну каалайбыз"

Германиянын канцлери Олаф Шольц Түркияда өткөрүлгөн шайлоодон кийин Европа Биримдиги  менен Түркиянын ортосундагы жаңы жана жакшы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну каалагандарын айтты.

Шольц Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөрүлгөн эки күндүк Европа Биримдиги лидерлеринин саммитинен кийин баа берди.

Саммитте Европа Биримдигинин Түркия менен карым-катнаштарынын да сүйлөшүлгөнүн маалымдаган Шольц : "Бул жерде Түркиядагы шайлоодон кийин жаңы жана жакшы карым  - катнаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну каалайбыз",- деди. 

Шольц буга саммитте чечим чыгарылгандыгын белгилеп, ушул себептен Европа Биримдиги комиссиясы жана Жогорку өкүлдөн өз ара карым-катнаштарды мындан ары да өнүктүрүү үчүн сунуштарды берүүнү суранышкандарын билдирди.

 



Тектеш кабарлар