Мексикада ысык аба толкунунан каза болгондор

Мексикада акыркы жумаларда катуу болгон ысык аба толкунунан улам каза болгондордун саны 112ге жетти.

2005406
Мексикада ысык аба толкунунан каза болгондор

Мексикада акыркы жумаларда катуу болгон ысык аба толкунунан улам каза болгондордун саны 112ге жетти.

Мексика басма сөзүндөгү маалыматка караганда өзгөчө өлкөнү түндүк  - батышы жана түштүк батышындагы рекордго жеткен ысыктыктардан улам каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Эң көп жабыр тарткан штаттардын бири болгон Нуэво-Леондо 64, Тамаулипаста 19, Веракруста 15 жана Табаскодо 14 адам каза болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө каза болгондордун жаш курагы 45тен 64кө чейин экендиги, 112 кишиден  104нүн ысыктан каза болгондугу айтылган.

Улуттук метеорология кызматы  20-июндагы билдирүүсүндө өлкө боюнча ысыктын дагы 10-15 күнгө созулары күтүлүп жатканын жарыялап, өнөкөт оорулууларга зарылчылык болмоюнча белгилүү бир убакта сыртка чыкпоо керектигин эскертти.

Абанын температурасы 40 градустан ашкан Мексикада «акыркы жылдардын эң кайгылуу күндөрү өттү» деген маалымат бөлүшүлдү.

 



Тектеш кабарлар