Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишиминде алдыга жылуу

Байрамов менен Мирзоян 1 – 4 -  мартта Блинкендин жетекчилигинде АКШда жолугушуп, келишим долбоорунун айрым беренелеринде макулдашкан.

2005407
Азербайжан менен Армениянын  ортосунда тынчтык келишиминде алдыга жылуу

Азербайжан Армения менен «Тынчтык жана мамлекеттер аралык карым  - катнаштардын курулушуна байланыштуу эки тараптуу келишим» долбоорунун айрым беренелери боюнча келишимдин түзүлгөндүгүн жана алдыга жылуу болгондугун жарыялады.

Азербайжандын тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин жетекчилигинде Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын жетекчилигиндеги эки өлкөнүн делегацияларынын 27 – 29 -  июнда АКШда өткөргөн сүйлөшүүлөрү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Маалыматта : «Министрлер жана коштоосундагы делегация мүчөлөрү «Тынчтык жана мамлекеттер арасындагы карым  - катнаштардын курулушуна байланыштуу эки тараптуу келишим» долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болду. Долбоор келишимдин кошумча беренелери боюнча макулдашты жана долбоор текстте  өз ара түшүнүшүүгө карай кадам ташталды. Ошол эле учурда айрым темаларда кошумча иш алып баруулардын улантылышы керектиги белгиленди»,- деп айтылды.

Байрамов менен Мирзоян 1 – 4 -  мартта Блинкендин жетекчилигинде АКШда жолугушуп, келишим долбоорунун айрым беренелеринде макулдашкан.

 

 



Тектеш кабарлар