Швецияда Куран өрттөлдү

Полициянын кеңири коргоосунда Стокгольм мечитинин алдына барган Момика айланасындагы адамдардын реакциясына карабай жерге ыргытып, үстүн тебелеген  Куранды өрттөп жатып кемсинткен сөздөрдү айтты.

2005045
Швецияда Куран өрттөлдү

Швециянын борбору Стокгольмдо теги ирактык Салван Момика аттуу адам Стокгольм мечитинин алдында полициянын коргоосу астында Куранды өрттөп жиберди.

Полициянын кеңири коргоосунда Стокгольм мечитинин алдына барган Момика айланасындагы адамдардын реакциясына карабай жерге ыргытып, үстүн тебелеген  Куранды өрттөп жатып кемсинткен сөздөрдү айтты.

Курман айттын биринчи күнүндө болгон провокацияга каршы окуя чыгып кетпеши үчүн полиция Стокгольмдогу бардык полицияны мечиттин алдына чогултту.

Провокацияга уруксат берилишине каршы чыккан Стокгольм мечиттер бирикмесинин төрагасы Махмут Халфи окуянын мусулмандарды катуу капалантканын айтты.

Швециянын Ар түрдүү түстөр (Няндар) партиясынын төрагасы Микаил Йүксел да провокацияны айыптады.

Февраль айында Швецияда теги ирактык Салван Момика Ирактын Стокгольмдогу элчилигинин алдында Куранды өрттөгүсү келген, ал эми африкалык Крис Макаундут Түркиянын Стокгольм элчилигинин алдында Куранды өрттөгүсү келген, полиция коопсуздук үчүн буга уруксат берген эмес.



Тектеш кабарлар