Грециядагы шайлоонун жеңүүчүсү Мицотакис болду

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Жаңы Демократия партиясы 40,56 пайыз менен 300 орундуу парламентке 158 депутатты жиберүүгө укуктуу болгон.

2004371
Грециядагы шайлоонун жеңүүчүсү Мицотакис болду

Грециядагы парламенттик шайлоодо акыркы төрт жылдан бери жалгыз бийликте турган Кириакос Мицотакис жетектеген Жаңы демократия партиясы парламентте көпчүлүктү алды.

Расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Жаңы Демократия партиясы 40,56 пайыз менен 300 орундуу парламентке 158 депутатты жиберүүгө укуктуу болгон. Добуш берүүнүн болжол менен 53 пайызын түзгөн шайлоодо Жаңы Демократия ушундайча жалгыз бийликке келүү үчүн зарыл болгон 151 орундан ашты.

Радикалдуу солчул альянс СИРИЗА 17,83 пайыз добуш менен 47 мандатка ээ болуп, негизги оппозиция болушун кепилдеген.

ПАСОК-КИНАЛ альянсы 11,86 пайыз менен32, Грециянын Коммунисттик партиясы (ККЕ) 7,67 пайыз менен 20, Грециянын Чечим партиясы 4,45 пайыз менен 12, Жеңиш партиясы 3,7 пайыз менен 10, Эркиндик жүрүшү партиясы 3,17 пайыз менен 8 мандатка ээ болушту.

Ал эми ашынган оңчул Спарталыктар партиясы 4,68 пайыз добуш менен 13 депутатты парламентке өткөрө алды.



Тектеш кабарлар