Владимир Зеленский Путиндин өзү куралдандырган топтун курчоосунда калгандыгын айтты

Расмий Твиттер баракчасынан маалымат берген Зеленский орус пропогандасынын жалгандары жашырбай тургандыгын жактады.

2003938
Владимир Зеленский   Путиндин өзү куралдандырган топтун курчоосунда калгандыгын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вагнер компаниясынын орус башкаруусуна карата козголоңу тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин өзү куралдандырган топтун курчоосунда калгандыгын айтты. 

Расмий Твиттер баракчасынан маалымат берген Зеленский орус пропогандасынын жалгандары жашырбай тургандыгын жактады. 

Зеленский : "Россиянын алсыздыгы ортодо. Россия аскерлерин жана жалданма аскерлерин биздин жерибизде кармаган сайын булардын баары өзүнө хаос, кайгы, кыйынчылык болуп  кайтат. Украина Европаны орус жамандыгына жана хаостун жайылышынан коргой алат. Чыдамдуулугубузду, биримдигибизди жана күчүбүздү коргойбуз. Бардык командирлерибиз, бардык аскерлерибиз эмне кылышарын билишет. Украинага жеңиш!",- деди. 

Путидин өзү куралдандырган топтун курчоосунда калгандыгын айткан Зеленский : "Адамдарды кыйнап, жүз миңдеген кишини согушка жиберген Путин өзү куралдандырган топ тарабынан Москвада курчоого алынды",- деди. 

Орус Вагнер коопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин лагерлерине орус армиясы тарабынан кол салуу менен айыптап, жооп кайтаруу үчүн аракетке өткөндөрүн билдирген. Бул боюнча Федералдык коопсуздук кызматы "куралдуу козголоң" деген айыптоо менен кылмыш ишин ачкан.

Россиянын коргоо министрлиги Вагнердин лагерине кол салуу болду деген айыптоолорду четке каккан. 

 

 



Тектеш кабарлар