Пригожин : "Вагнер орус патриоту"

Пригожин Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Путиндин “кыянаттык” боюнча  жаңылгандыгын айтты.

2003950
Пригожин  : "Вагнер орус патриоту"

Орус башкаруусуна каршы козголоң баштаган Вагнердин негиздөөчүсү Егений Пригожин президент Владимир Путиндин "мекенге кыянаттык" менен  айыптоосуна : "Биз патриотпуз. Согуштук жана согушуп жатабыз",- деп жооп берди. 

Пригожин Телеграм каналындагы билдирүүсүндө Путиндин “кыянаттык” боюнча  жаңылгандыгын айтты.

Пригожин Вагнердин мүчөлөрүнүн "патриот экендигин жана ар дайым мекен үчүн күрөшкөндүгүн" айтып : "Эч бир Вагнер мүчөсү өзүн күнөөкөр көрүп президент же  Федералдык коопсуздук кызматынын талабы менен багынбайт. Анткени биз Россиянын коррупция,  жалган жана бюрократиянын ичинде болушун каалабайбыз",- деди. 

Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин лагерлерине орус армиясы тарабынан кол салуу болгондугун айтып, жооп кайтаруу үчүн аракетке өткөндөрүн айткан. 

Бул боюнча Федералдык коопсуздук кызматы "куралдуу козголоң" деген айыптоо менен кылмыш ишин ачкан.

Россиянын коргоо министрлиги Вагнердин лагерине кол салуу болду деген айыптоолорду четке каккан. 

Владимир Путин  улутка кайрылуу сөзүндө Вагнердин козголоңун "мекенге кычнаттык" деп мүнөздөгөн. 


 



Тектеш кабарлар