Евробиримдик энергетикалык кризистен кийин көмүргө өттү

Европанын статистикалык бюросу (Евростат), 2022-жылга карата көмүр өндүрүү жана керектөөгө байланыштуу көрсөткүчтөрдү жарыялады.

2003216
Евробиримдик энергетикалык кризистен кийин көмүргө өттү

Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрү өткөн жылдагы энергетикалык кризистен кийин көмүр өндүрүү жана керектөөсүн көбөйтүштү.

Европанын статистикалык бюросу (Евростат), 2022-жылга карата Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттеги көмүр өндүрүү жана керектөөгө байланыштуу көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Буга караганда, энергетикалык кризис мезгилинде ЕБнин көмүр өндүрүүсү да, керектөөсү да көбөйдү.

Өткөн жылы ЕБнин көмүр өндүрүүсү мурунку жылга салыштырмалуу 5 пайызга өсүп 349 миллион тоннага, көмүр керектөөсү да 2 пайызга өсүп 454 миллион тоннага жетти.

Лигнит көмүрүнүн өндүрүшү 2022-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 6 пайызга өсүү менен 294 миллион тонна болду. Германия лигнит өндүрүү боюнча ЕБнин 9 өлкөсүнүн ичинен биринчи орунду ээледи.

ЕБ өлкөлөрүнүн таш көмүр өндүрүшү болсо өткөн жылы 55 миллион тоннаны түздү. ЕБ өлкөлөрүнүн арасында Польша менен Чехияда гана таш көмүр өндүрүлдү.



Тектеш кабарлар